Ош шаарында коомдук транспорттун иштөө схемаларын оптималдаштыруу боюнча иш жүрүп жатат. Буга байланыштуу атайын комиссия акыркы жыйындарында беш автобустук жана он маршруттук линиянын жол чиймелерин өзгөртүү маселесин карашты.
Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, жүрүш схемаларын жаңылоо транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, жүргүнчүлөрдүн сапар убактысын кыскартуу жана коомдук транспорттун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.
Комиссия кийинки жыйынында дагы он маршруттук таксинин жүрүш схемаларын карайт. Бул өзгөртүүлөр шаардагы инфраструктуралык шарттар менен калктын муктаждыктарына ылайык келтирилет.
Муниципалитеттин билдирүүсүндө маршруттук тармакты оптималдаштыруу иштери баскыч-баскыч менен жүргүзүлүп жаткандыгы жана натыйжада заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу коомдук транспорт системасын түзүү пландалып жатканы айтылат.











