Кинематография департаменти жарандарга өз ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү жана ченемдик документтерди жарыялоо үчүн расмий веб-сайт иштеп чыгуу боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, бул иштерди аткарууга 186 миң сом каралган.

Сайтка коюлган талаптар

Иштелип чыга турган сайт заманбап, адаптивдүү болуп, жеке компьютерлерде, ноутбуктарда, планшеттерде жана мобилдик түзмөктөрдө туура көрсөтүлүшү керек.

  • адаптивдүү дизайн;
  • ыңгайлуу навигация;
  • сайт боюнча издөө системасы;
  • жаңылыктарды жарыялоо;
  • файлдарды жүктөө мүмкүнчүлүгү;
  • сүрөт галереясын көрсөтүү;
  • кайтарым байланыш формасы;
  • социалдык тармактар менен интеграция (Facebook, Instagram, YouTube жана башкалар);
  • байланыш маалыматтарын көрсөтүү;
  • келечекте функцияларды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү.

Иштер келишим түзүлгөндөн кийин 40 календардык күндүн ичинде аткарылышы керек.

Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 29-июлга чейин кабыл алынат.