Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, милиция кызматкерлери социалдык тармактарды мониторинг жүргүзүү учурунда Instagram тармагында жа публикацияланган видеону аныкташкан. Видеого эки кыздын коомдук тартипти бузуп, балакап жаткан учурлары тартылган.
Кыздардын ортосунда жол үчүн талаш-тартыш чыгып, андан соң алар 100 доллар үчүн автожарыш өткөрүүгө чечим келишип алышкан. Бул окуя Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан катталган.
Текшерүүнүн натыйжасында милиция кызматкерлери айдоочулардын ким экенин аныкташкан. Алар 2000-жылы туулган Н. Б. жана А. А. болуп чыгышкан. Алар райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси («Майда хулигандык») боюнча протокол түзүлгөн.
Мындан тышкары, А. А. мурда мас абалында унаа айтканы үчүн айдоочулук укугунан ажыратылганы белгилүү болгон. Бирок ал укугу жок болсо да унаа айдап жүргөн. Ушул себептен ага карата документсиз транспорт каражатын башкаруу боюнча 184-берене боюнча кошумча протокол түзүлгөн.
Кыздардын унаалары айып пул топтоочу аянтчага коюлуп калды.









