Бишкекте автобус маршруту №2 айдоочусу менен аялдамада унаадагы бир киши ортосунда чыр чыгып, милиция окуяны териштирүүдө.
Бул окуя 13-июлда Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде болгон. Видео социалдык тармактарга тараган.
Видеодо жеңил унаанын айдоочусу автобустун айдоочусун анын кийиминен кармап туруусу көрүнөт.
Милиция кайгуул кызматы бул ишти Кылмыштардын жана укук бузуулардын бирдиктүү эсебинин журналына каттап, сотко чейинки териштирүү баштаганын билдирди.
Кармалган киши 1996-жылы туулган И. Т. экени такталды. Ага «Мелкое хулиганство» максатында административдик протокол түзүлүп, сот чечимине чейин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

















