Ош шаарындагы «Тешик-Таш» мөмө-жемиш жана жашылча базарынын соодагерлери жаңыдан көчүрүлүү маселесине каршы чыгып, шаардын мэри Жанарбек Акаевге кайрылышты. Муниципалитеттин пресс-кызматынын билдирүүсүнө таянсак, ишкерлер бул чечимди колдобойт.
Буга чейин «Тешик-Таш» базарынын ишкерлери Бирлешкен айылындагы соода аянтына которулган болчу. Бирок, жергиликтүү тургундар бул базардын иштешине байланыштуу ыңгайсыздыктар боюнча даттанууларын билдирип келишкен. Алардын айтымында, соода иштери транспорттун кыймылына тоскоолдук жаратып, чектеш аймактарда тартипсиздикке алып келет.
Тургундардын даттанууларынан кийин шаардык бийлик соодагерлерди башка жерге которуу маселесин карап баштаган. Бүгүн кайрадан көчүрүлүүгө каршы чыккан ишкерлер түздөн-түз Ош шаарынын мэрине келип, өз талаптарын айтышты.
Мэр Жанарбек Акаев ишкерлердин талаптарын угуп, бул маселеде компромисс табуу керектигин белгиледи. Ал соодагерлердин жана Бирлешкен айылынын тургундарынын кызыкчылыктарын тең эске алуу зарыл экенин айтты.
Мэриянын маалыматы боюнча, учурда соодагерлерге жергиликтүү калкка ыңгайсыздык жаратпай туруп иштөөгө мүмкүндүк берүүчү чаралар каралууда. Ошону менен бирге, базардын тегерегиндеги транспорттук кыймылды жөнгө салуу пландалууда. Азырынча соодагерлерди кайсы жерге жана кандай мөөнөттө жайгаштыруу боюнча конкреттүү чечимдер жарыяланган жок.








