Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Жогорку Кенештин залында республикалык бюджеттин пландары менен бөлүштү. Анын айтымында, 2027-жылга карата консолидацияланган бюджеттин жалпы ресурстарынын көлөмү 1 триллион 53 миллиард сомду түзөт деп күтүлүүдө. Ошону менен бирге, ИДПнын көлөмү 2,7 триллион сомдон ашат деп болжолдолууда.

Социалдык тармактарга бөлүнгөн каражаттар

Бюджеттин маанилүү бөлүгү билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо тармактарына багытталат. Мындан тышкары, бааларды туруктуу кармоо үчүн 5 миллиард сом, ал эми Стабилизациялоо фондуна 20 миллиард сом бөлүүнү пландаштырууда.

Тармактарга бөлүнгөн каражаттар

134,2 млрдбилим берүүгө
76,4 млрдсаламаттыкты сактоого
47,3 млрдсоциалдык коргоого

2,7 трлн сом

Ички дүң улуп продукциясынын болжолдуу көлөмү