Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо борборунун маалыматына ылайык, 2025-жыл ичинде Городская детская клиническая больницада жол кырсыгынан 1866 бала жабыркаган, алардын 443ү ооруканага кабыл алынган.
Жол кырсыктары оор жаракаттар, майыптык жана өмүрдү жоготуунун негизги себептеринин бири болуп саналат.
Кыргызстан боюнча 2025-жылы ар түрдүү жаракаттар менен 5012 улуу жана өспүрүм ооруканада дарыланган, алардын ичинен 1290 адам же 25,5% жол кырсыгынан жаракат алды.
Жолдогу коопсуздукту камсыздоо боюнча сунуштар
- Тиешелүү ылдамдыкты сактоо
- Ар дайым коопсуздук белдигин тагынуу
- Мотоцикл, мопед сыяктуу эки дөңгөлөктүү унааларды башкаруу учурунда сертификатталган коргоочу калпактардын колдонулушу
- Алкоголдук же наркологиялык абалда рулга отурбоо
- Балдардын жолдон өтүүсү жана ташылып келүүсү учурунда өзгөчө көзөмөл кылуу
Бул чаралар жол кырсыктарынан коркунучту азайтып гана тим болбостон, балдардын ден соолугун сактоодо маанилүү роль ойнойт.

