Чүй облусу боюнча ИИББдин ЖККК башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя болгон жерде жөө жүргүнчүлөр өтүүчү белгиси дарактардан улам толук көрүнбөй калган. Аны дарактарды айланып өткөндө гана байкоого болот.

Бул аймакта жөө жүргүнчүлөр үчүн шарттардын жоктугунан жана айдоочулардын бурулуштарда жолду кесип өтүшүнөн улам жол кырсыктары көп катталат. Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү жана көрүнүштү тоскон дарактарды кыркууну суранабыз.
Жергиликтүү тургундардын кайрылуусунан

Учурда Чүй облусу боюнча ИИББдин ЖККК башкармалыгынын басма сөз кызматы окуянын жагдайларын тактап жатат.