Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, ТЭЦ штаттык режимде иштеп, шаарды электр жана жылуулук энергиясы менен камсыз кылууда.
Бишкек ТЭЦинин негизги көрсөткүчтөрү (4-ноябрь, 2026)
Станцияда бардыгы 15 казан агрегаты, 7 туурасынан байланышкан турбоагрегат жана №3 жана №4 энергоблоктору орнотулган. Учурда 8 казан агрегаты жана 4 туурасынан байланышкан турбоагрегат иштеп жатат.
Көмүр кампасында 256 389 миң тонна көмүр бар, бул станциянын ишенимдүү иштеши үчүн жетиштүү деп эсептелет.




















