Бишкектин ТЭЦи күз-кыш мезгилинин максималдуу жүк жылуулук жана электр энергиясын камсыздоо үчүн камынып жатат. Ремонттук иштер толугу менен бекитилген графикке ылайыкталып жүргүзүлүүдө.

ТЭЦтин жабдууларында капитальный, орточо жана учурдагы ремонт иштерин жасоо менен катар диагностика жана техникалык тейлөө жүргүзүлүп, эскирген бөлүктөр алмаштырылууда. Бул иштер жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталган.

Шаар мэриясынын маалыматына караганда, ремонттон кийин ТЭЦ жылуулук жана электр энергиясын туруктуу өндүрүп, Бишкек шаарынын тургундарын кыш мезгилиндеги максималдуу жүктөрдө үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоого мүмкүндүк берет.