2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды индексациялоого Пенсиялык фонддун каражаттарынан 4,4 миллиард сом бөлүнгөн. Бул алдыдагы жогорулатуунун жаңы чоо-жайын президенттин администрациясы билдирди.

Пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн 1,2 коэффициенти менен, башкача айтканда 20 пайызга индексациялоо пландаштырылууда. Кошумча төлөм 1 миң сомдон кем эмес жана 10 миң сомдон ашык эмес сумманы түзөт.

Индексациянын эсептелген коэффициенти 2025-жылдагы орточо эмгек акынын жана керектөө бааларынын өсүшүнө таянып, 1,13 болгон. Бирок, Социалдык фонддун бюджетинин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, аны 1,2ге чейин жогорулатуу чечими кабыл алынган.

Пенсиялык көрсөткүчтөр

12 898орточо пенсия (сом)
1 753