Токмок шаардык кенешинин кезексиз XXI сессиясында коомдук транспорттун тарифтери каралып, жаңы нарктар кабыл алынды.

Шаар ичиндеги маршруттук таксилерде жүрүү акысы мурдагы 20 сомдон 25 сомго көтөрүлдү. Пенсионерлер жана окуучулар үчүн жеңилдиктүү баа 20 сом деп бекитилди.

Аймак аралык каттамдардын ичинде көпчүлүк жүргүнчүлөрго кызыкдар болгон №353 «Токмок – Бишкек» экспрессинин баасы 100 сомдон 130 сомго жогорулады.

  • №300 жана №350 «Токмок – Бишкек» каттамдары 120 сомго бекитилди
  • №399 «Токмок – Дордой» - 150 сом
  • №560 «Токмок – Чолпон-Ата – Бостери» - 500 сом
  • №600 «Токмок – Каракол» - 600 сом

Сессияда ошондой эле муниципалдык менчик, жер тилкелеринин максаттуу пайдалануу өзгөртүүлөрү, Токмок делегациясынын Кочевниктердин VI Дүйнөлүк оюндарындагы катышуусу, кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу жана техникалык көзөмөл кызматтарынын карыздары каралды.