Кант шаарында окуучулардын көп өтө турган аймакта кырсык болду. Панфилов жана Жакыпов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мектептин жанындагы пешеход өтмөгүнөн өтүп жаткан бала унаа кагып кеткендиги Turmush корреспондентине жергиликтүү тургундар билдирди.

Кырсыктан кийин жабырлануучу бала тез арада ооруканага жеткирилген. Укук коргоо органдары окуя боюнча иш баштап, айдоочуга карата протокол түзүп, унааны айып пул токтотуучу аянтчага алып коюшкан.

Бул жерде мектеп жайгашканын жана окуучулар күн сайын бул жерден жолдон өтүп жатканын айткан тургундар коопсуздукту күчөтүүнү суранып жатышат. Алардын пикиринде, пешеход өтмөгүнө светофор орнотуу же жолдо жасалма тоскоолдуктарды («жаткан полицейский») коюу зарыл.