Бишкек—Талас автожолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жаткандыгы маалымдалууда. Бул аба ырайы жолдо кыймыл-катнаштын коопсуздугуна таасир этиши мүмкүн.
Талас облусунун ИИМ Жол кыймылын башкаруу башкармалыгынын маалыматы боюнча, Талас районунун жол инспекторлору аба ырайынын татаалдыгына карабай, ашуудагы кызматтарын күчөтүлгөн режимде аткарууда.








