Эркин-Тоо

Медианын билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 11-ноябрда, саат 11:00дөн тарта Сосновка постунан оор жүк ташуучу унааларды өткөрүүгө коюлган тыюулар алынды. Ашуу аркылуу жүк ташуучу транспорттордун өтүүсүнө кайрадан уруксат берилди.

Буга чейин ашуудагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана тыгындарды алдын алуу максатында убактылуу чектөөлөр киргизилген. Аба ырайынын өзгөрүшү ушул чектөөлөрдүн себеби болгон.