Мамлекеттик ишканадан ырасташкандай, Акылбек Туратбек уулу ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча арыз жазып, кызматтан өз каалоосу менен кетти.
Анын милдетин аткаруу Саламаттык сактоо министрлигинин адам ресурстары жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Махаббат Асанкуловага жүктөлдү.
Эске салсак, Туратбек уулу «Кыргызфармацияга» 2026-жылдын апрелинде жетекчи болуп дайындалган. Ал Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси класстык ченине ээ. Буга чейин президенттин администрациясында эксперт, инспектор, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.
Кадр чечими
«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы
Саламаттык сактоо министрлигинин адам ресурстары жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы



















