Бүгүн, 2026-жылдын 4-ноябрында, «Устойчивость региональных пастбищных сообществ – АДАПТ» (ПУРПС-АДАПТ) долбоорунун алкагында Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен гранттык макулдашууларга кол коюу аземи өттү. Иш-чарага республиканын облустарынан 16 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү катышты.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (APIU) 16 айыл аймагынын өкүлдөрү менен гранттык макулдашууларга кол койду. Бул каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкарууну колдоого жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталат.

43,4 млн сом 16 айыл аймагына жалпы грант суммасы

Долбоордун алкагында 16 айыл аймагына бөлүнгөн жалпы сумма 43,4 млн сомду түзөт.

Бул гранттар айыл аймактарында жайыттарды туруктуу башкарууну, жергиликтүү коомдоштуктардын мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүнү жана айыл чарба тармагында туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга жардам берет. Макулдашууга кол коюу аземи Кыргызстандын аймактарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын долбоорго жигердүү катышуусун тастыктайт.