Кыргызстандын Монголиядагы Элчиси Айбек Молдогазиев менен Монголиянын Вице-премьер-министри Нямтайширын Номтойбаяр Бишкек шаарында жолугушуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык жана маданий кызматташтыгын бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүү учурунда тараптар азыркы иштеп жаткан учур жана келечектеги эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө басым жасашты.

Айрыкча, жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан кийинки макулдашуулардын аткарылышы жана 2025-жылдын 27-июнунда Бишкекте өткөн Экономикалык комиссиянын бешинчи отурумунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы тууралуу пикир алмашышты.

Айбек Молдогазиев Кыргызстандын жана Монголиянын Комиссиянын катчылыктары менен бирге быйылкы жылдын аягына чейин бул чечимдердин аткарылышын биргеликте көзөмөлдөөнү сунуштады.

Ошондой эле, Евразия Экономикалык Биримдиги менен Монголиянын ортосунда 2026-жылдын 22-июлунда күчүнө кирген убактылуу соода келишими кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Айбек Молдогазиев келишимди толук ишке ашыруу үчүн эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары түздөн түз аракет көрүп, ветеринардык жана фитосанитардык талаптарды тактоо боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү керектигин белгиледи.