Бишкек электр тармактары ишканасы тараткан маалыматка ылайык, 1-ноябрда, жекшембиде, Аламүдүн райондук электр тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу саат 09:00дөн 17:00гө чейин Көк-Жар айылынын бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт.
Өчүрүлө турган көчөлөр
Төмөнкү көчөлөрдө электр энергиясы өчүрүлөт: Конур Осмон, Өмөталиева, Майрам, 7 Апрель, Карагул Акмат, Эгимбаева, Кыял, «Строитель» бакчачылык шериктиги, Алымбаева, Салкын, Сейтек, Маликова, Жумадил Жапаров көчөлөрү жана Панорама району.
Диспетчердик кызматтын байланыштары
Бишкек электр тармактары ишканасы абоненттерден оңдоо иштерине байланыштуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.




















