Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулаймановдун жетекчилиги астындагы атайын комиссия Ысык-Көл облусундагы «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жарандык коргонуу абалына баа берди. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү Кыргыз Республикасынын Президенти, Жарандык коргонуунун жетекчиси Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бекитилген планга ылайык жүргүзүлдү.

Баалоонун негизги максаты ишкананын өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө даярдыгын аныктоо болгон. Комиссия жарандык коргонуу иш-чараларын уюштурууну, аракеттенүү пландарын, жетекчи кызматкерлердин даярдык деңгээлин, бул жааттагы талаптардын аткарылышын, ошондой эле ишкананын күчтөрүнүн жана каражаттарынын даярдыгын текшерди.

Иш-чарага «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилиги, жарандык коргонуу жана эвакуациялоо комиссиялары, тиешелүү бөлүмдөр жана ишкананын түзүмдүк уюмдары катышты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар белгиленди. Адистер өзгөчө кырдаалдардын алдын алууну күчөтүү, байланыш, кабарлоо жана маалымдоо системаларынын даярдыгын жогорулатуу, өрт коопсуздугун чыңдоо, ошондой эле кызматкерлерди жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракеттерге окутууну уюштуруу боюнча усулдук сунуштарды беришти.