Окуя 1-ноябрда Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү 282 «А» дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде болгон. 24 кабаттуу турак жай комплексинде бетон куюучу насостун түтүгү (помпасы) жарылып, анын чачырандылары жанаша жайгашкан аймакка түшүп, жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жараткан.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти аталган окуя боюнча жеринде текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында «Центрально-Азиатская компания «Дуньян» ЖЧКсына эскертүү берилип, курулуш иштерин жүргүзүүдө белгиленген курулуш нормаларын жана коопсуздук талаптарын сактоо боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр тапшырылды.
Окуядан кийин курулуш компаниясы тургундарга келтирилген зыянды өз ыктыяры менен калыбына келтирген.








