Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон 4-ноябрдагы №739 токтомуна ылайык, республикалык маанидеги тарыхый-маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесинен 54-объект чыгарылды. Бул объект катары Москва көчөсү, 25 дарегинде жайгашкан Бишкек шаардык жума мечити (мурдагы борбордук мечит) көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, аталган имарат мурда эле бузулган. Борбор калаанын мэриясы имарат авариялык абалда болгонун жана реконструкциялоого жатпасын билдирген.
Анын ордуна 4 200 адамга ылайыкталган эки кабаттуу заманбап мечит куруу пландалууда. Намаз окуучу жайлардан тышкары, жаңы имаратта жер алдындагы паркинг, административдик кабинеттер, даарат алуучу жайлар, кампалар, кафе жана бутиктер каралган.
Долбоор өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылары дагы мэрия тарабынан белгиленген.












