Бишкек шаарында «Улан Строй Компани» курулуш компаниясы Көк-Жар микрорайонундагы объектти куруу учурунда тротуарга зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликке тартылды.

Текшерүү 7-Апрель көчөсүндөгү 266/2 дарек боюнча жүргүзүлүп, тротуарда жарака пайда болгон, ошондой эле коопсуздук жана курулуш эрежелери бузулган факты катталды.

Компания курулуш ишин Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине каттабастан жүргүзгөнү аныкталды.

Жаза чаралары

200 миң сомайып пул
90күнгө лицензия токтотулду
1компания кара тизмеге киргизилди

Компаниянын прорабу Б. уулу А. жана техникалык кызматкерлери квалификациялык сертификаттарынан ажыратылды, ал эми участокту көзөмөлдөгөн инспектор кызматынан бошотулду.

Иштелген долбоор менен шаар куруу заключениеси жараксыз деп табылды.

Министрлик компанияны зыян тарткан тротуарды толугу менен калыбына келтирүүгө милдеттендирди.

Объектте чоң жүк ташуучу атайын техника колдонууга тыюу салынды, ал техника милиция жана атайын кызматтар тарабынан опечаткага алынды.