Базар-Коргон районундагы Кызыл-Октябрь айылында алты жылдык курулуш процессинен кийин спорт залы ишке киргизилди. Ачылуу аземине облустук жана райондук бийлик органдарынын жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2020-жылы жергиликтүү жаштардын демилгеси менен каражат топтоодон башталган. Ошол эле жылы жергиликтүү бийлик спорт залын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берген. Алгач кичинекей машыгуу залынын пайдубалы түшүрүлүп, дубалдарды көтөрүү башталган, бирок каражаттын жетишсиздигинен улам иштер убактылуу токтоп калган.
2025-жылы комплекстин курулушун кайра башташ үчүн долбоор даярдалып, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна жөнөтүлгөн. Долбоор колдоого алынып, курулуш аягына чыгарылган.
Курулушка жумшалган каражаттар
Кызыл-Октябрь айылында жалпысынан 625 үй чарба жашайт, ал эми калктын саны болжол менен 4 миң кишини түзөт.

















