Кыргызстанда грек жаңгагын жыйнагандын көлөмү азайып жатат. Улуттук статистика комитети тарабынан берилген маалыматка ылайык, 2026-жылдын 23-октябрына карата республика боюнча жыйналган жаңгактын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 6,1%га төмөн болду.
Өлкө боюнча жыйналган продукциянын жалпы көлөмү боюнча айырмачылыкты төмөндөгүдөй көрсөтсө болот:
жыйналган жаңгак2,3 миң тонна2,2 миң тонна −4,3%
Жыйындын азайышы өзгөчө айрым райондордо байкалууда. Төмөндөгү райондордо жаңгак жыйнагандын көрсөткүчү кескин төмөндөгөн:
- Ноокат району: 468,6 тоннадан 244,1 тоннага чейин
- Араван району: 302,5 тоннадан 90,5 тоннага чейин
- Ала-Бука району: 89,5 тоннадан 16,7 тоннага чейин








