«Биздин чет өлкөдөгү кыргызстандыктар» рубрикасынын кийинки каарманы — Россияда жашап, иштеп жаткан Эрнист Мурзакматов болду. Ал өзүнүн өмүр жолу, үй-бүлө түзүүсү жана чет өлкөлөрдөгү тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Эрнист Мурзакматов 1983-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда төрөлгөн. Ал балалыгын Айдаркен шаарында өткөрүп, орто мектепти ошол жерден бүткөн.

Бала кезимден Айдаркен шаарында жашадым, мектепти да ошол жерден бүткөнмүн. Үй-бүлөдө алты баланын улуусумун. Ата-энелерим сыймыктуу кесип ээлери. Азыр үйлдүүм жана төрт баланын атасымын.
Эрнист Мурзакматов

Ал чет өлкөгө биринчи жолу 2002-жылы чыккан. Жогорку окуу жайдын экономика факультетинин сырткы окуу бөлүмүнө киргенден кийин, иштөө үчүн Россияга келип, ошондон бери ошол жерде жашап келет.

Азыркы учурда ал Москвадагы транспорт компаниясында 15 жылдан бери иштеп келет. Эрнист өзүнүн саякаттары жана маданияттар менен таанышуу тажрыйбасы тууралуу төмөнкүлөрдү белгиледи:

Ал өзүнүн мекени менен Россиянын ортосундагы айырмачылыктарды салыштырып, кыргыз элинин касиеттерин белгиледи. Ошондой эле, Россияда үй-бүлө институтун жана патриотизмди сактоо боюнча мамлекеттик саясат жүрүп жатканын айтты.

Эрнисттин келечектеги максаттарынын бири — чет өлкөдөн дагы кошумча кыймылсыз мүлк сатып алуу.