Баткен шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери KIA K8 маркасындагы унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда унаанын алдыңкы каптал айнектерине мыйзамда каралган тиешелүү уруксатсыз караңгылануучу пленка жабыштырылгандыгы аныкталган.

20 000 сом айып пул

Мыйзам бузуу үчүн айдоочуга белгиленген суммада айып пул салынды.

Turmush маалыматына ылайык, айдоочу мыйзамсыз жабыштырылган пленканы ошол замат эле чечип салгандыктан, унаа айып пул токтотуучу жайга алып кеттилген эмес.