Баткен облусунда калктуу конуш жерге учуп кирип калган сапсанды куткаруу иштери ийгиликтүү аяктады. Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери канаттууну алып, анын ден соолугун текшергенден кийин Баткендин тоолуу аймактарына коё беришти.
Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, адистер канаттууну куткарууну жана анын абалын баалоону уюштурушкан. Текшерүүдөн өткөн сапсан тоолуу жерге жеткирилип, эркиндикке коюлду.
Сапсан дүйнөдөгү эң тез уча турган канаттуулардын бири болуп саналат. Ал курч көрүүсү жана бийиктиктен төмөн түшкөндө өтө жогорку ылдамдыкка ээ боло алуусу менен айырмаланат. Адатта бул жырткыч тоолуу жана аскалуу аймактарда жашайт, бирок кээде калктуу конуштарга учуп кирип, адамдардын жардамына муктаж болуп калышы мүмкүн.
2025-жылдагы Баткен облусундагы эсептөөлөр







