Ош шаарында муниципалдык жерлерде мыйзамсыз жана стихийалык сооданын алдын алуу максатында рейд өткөрүлдү.

Муниципалитеттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, рейд учурунда КРдин Административдик укук бузуу кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды.

Рейд Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасынын негизинде уюштурулду.

Муниципалдык инспекция жарандарды жана ишкерлерди мыйзам талаптарын сактоого жана соода иштерин атайын белгиленген жайларда гана жүргүзүүгө чакырууда.