Ош шаарында көчөлөрдө мыйзамсыз соода жүргүзүлүп жаткан жерлерге карата рейддер уланууда.
Муниципалдык кызматкерлер соодагерлерге мыйзамдын талаптарын түшүндүрүп, мыйзамсыз соода ордолорун алып салуу иштери жүрүүдө.
Шаардык мэриянын маалыматына караганда, тротуарларда орнотулган мыйзамсыз соода пункттары демонтирленди жана мындай иштер улантылат.
Соодагерлерге мыйзамда көрсөтүлгөндөй гана соода жүргүзүүгө укуктуу экени эскертилди жана бузууларга карата мыйзамдуу чаралар колдонулары белгиленди.
Мындай рейддер шаардагы тартипти камсыз кылып, транспорттук тыгындарды азайтууга жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз жана эркин жүрүүсүн камсыз кылууга багытталган.











