Баткен облусунда жаңы жетекчилер дайындалды. Ички иштер министри Улан Ниязбеков кол койгон буйрукка ылайык, үч жаңы жетекчи ыйгарылды.

Алмазбек Айбашев убактылуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары болуп дайындалды.

Улугбек Тороев Кызыл-Кий шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп бекитилди.

Улан Канаев болсо Кадамжай райондун ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматын арктоого дайындалды.

Бул кызматка дайындоолор облус ичинде ички иштер чөйрөсүндөгү башкарууну күчөтүү максатында ишке ашырылды.