УюмЭскерүүлөр: 2

Баткен облусу УВДнын маалыматтарына ылайык, Кызыл-Кыеде орто мектеп №2нун аянтчасында 9-класстын эки окуучусунун ортосунда чыр-чатак келип чыккан. Натыйжада, А.А. аттуу окуучу жаракат алган жана Кызыл-Кыедеги шаардык ооруканага жаткырылган. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен облусундагы милиция бөлүмдөрүнө үч жаңы жетекчи дайындоо тууралуу буйрукка кол койду. Жаңы дайындалгандардын арасында Алмазбек Айбашев, Улугбек Тороев жана Улан Канаев бар.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.