Ош жана Ысык-Көл облустарынын ички иштер органдарында бир катар жетекчилер алмаштырылды. Бул өзгөрүүлөр райондук жана шаардык милиция бөлүмдөрүндө да жүрдү.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу болуп милиция полковниги Батырбек Рыскулов дайындалды. Ал буга чейин Ысык-Көл облусунун Джети-Огуз райондук ички иштер бөлүмүн жетектеп келген.

Алай районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп Чынагыз Бейшембиев дайындалды. Ал мурдагы кызматтарда: кылмыштуу издөө башчысы, Ак-Суу районунун ички иштер башкармалыгынын орун басары жана Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы болгон.

Ысык-Көл облусунда ички иштер башкармалыгынын уюштуруу жана инспектордук бөлүмүнүн жетекчиси болуп милиция майору Алберт Абдылдаев дайындалды.

Джети-Огуз райондук милициясынын башчысы болуп милиция подполковниги Тургунбек Усенов дайындалды. Ал Чүй районунун ички иштер бөлүмүндө орун басар болуп иштеп, кийинчерээк Ысык-Ата районунун криминалдык милиция кызматын жетектеген.

Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп милиция подполковниги Кайрат Кокумбаев дайындалды.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын финансылык-чарбалык бөлүмүнүн убактылуу башчысы милдетин аткаруучу болуп милиция капитаны Адил Алманбет уулу дайындалды.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда дагы кадрдык өзгөрүүлөр болгон.