Ак-Талаа районунда алдамчылыкка жана бир нече жаранга ири материалдык зыян келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 1982-жылы туулган Ош облусунун тургуну Н.У. 2025-жыл аралыгында Ак-Талаанын тургундарынын ишенимине кирип, ар кандай шылтоолор менен алардын акчаларын жана мүлктөрүн мыйзамсыз ээлеп алган.

Оперативдик-издөө иш-чараларынын натыйжасында, шектүү 7-августта Жалал-Абад облусунун аймагында Ак-Талаа РИИБ кызматкерлери Жалал-Абад ОИИБ жана Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кесиптештери менен биргеликте кармалган.

Милиция жабыркагандарга кайрылууда

Милиция шектүүнүн аракеттеринен жабыркаган жарандарды Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылууга чакырат.