Дан эгинин жыйноочу комбайндар түшүмдүн бышып жетилүү мөөнөтүнө ылайык облустар арасында бөлүштүрүлдү. Жыйноо иштери штаттык режимде жүрүп жатат.

Министрликтин маалыматы боюнча, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан Чүй облусуна 100дөн ашык дан эгинин жыйноочу комбайн тартылган. Бул иштерди натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Өлкөнүн түштүк аймактарында жалпысынан 450гө жакын дан эгинин жыйноочу комбайн иштеп жатат. Алардын ичинен 100гө чукулу тоо этектериндеги айыл чарба аймактарына бөлүнгөн.

2026-жылы бир комбайнга орточо жүктөм 259 гектарды түзгөн.

Учурда эгин жыйноо иштери Ысык-Көл жана Нарын облустарында активдүү жүрүп жатат.