«Жаштар достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык» аттуу эл аралык форумдун катышуучулары Баткен районундагы «Мадыген» геопаркына саякат жасашты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Геопарк Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынан 18 чакырым батыш тарапта, Сары-Тоо тоо массивинде жайгашкан. Ал геологиялык процесстердин натыйжасында пайда болгон адаттан тыш түстүү ландшафттары менен белгилүү. Бул тоолор байыркы Сармат деңизинин түбү болгон деп эсептелинет.

«Мадыген» геопаркы тууралуу

8160жалпы аянты, гектар
18Самаркандек айылынан аралык, км

«Мадыген» жаратылыш эстелиги 2023-жылдын 18-апрелинде Министрлер кабинетинин тескемеси менен түзүлгөн. Аймак Баткен облусунун уникалдуу жаратылыш мурасын сактоо максатында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын курамына киргизилген.