Баткен облусунун толук ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Тажикстандын Согдий облусунун төрагасы Раджоб Ахмадзода менен жолугушту. Жалпы маселелер катары чек арадагы коопсуздук, эки тараптуу кызматташуу жана биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Бул жолугушуу Тажикстандын Гулистон шаарында өтүп, ага күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана чек арага жакын райондор менен шаарлардын башчылары да катышты.

Тараптар маданий-гуманитардык, жаштар, спорт жана экономикалык байланыштарды дагы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

«Кыргыз Агрохолдинг» долбоору «Кызыл-Бел – автодорожный» өткөрмө пунктунда ишке киргизилиши пландалып жатат. Бул жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого өбөлгө болот.

Жыйынтыгында эки аймактын жетекчилери достук жана коңшу мамилелерди мындан ары да бекемдөө, өз ара кызыкчылыктуу маселелер боюнча кызматташууну улантуу ниетин билдиришти.