«Прайм-эра» сөзү «Грамота.ру» порталынын «Жылдын сөзү — 2026» сынагынын кыска тизмесине кирди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады. Термин англис тилиндеги "prime" сөзүнөн келип чыккан, ал «гүлдөө мезгили» дегенди билдирет, жана «эра» деген сөздүн айкалышынан турат.

Бул сөз адамдын жашоосундагы эң ийгиликтүү жана жаркыраган кезеңди сүрөттөө үчүн колдонулат. Кыргызстанда ал өлкөнүн өнүгүүсүнө карата активдүү колдонула баштады.

Өзгөчө популярдуулукка бул сөз 31-августта Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачылгандан кийин ээ болду. Социалдык тармактарда чет өлкөлүк лидерлер катышкан ачылыш аземинин видеолору тарады. Колдонуучулар бул окуяны Кыргызстандын «прайм-эрасы» деп аташты.

2-сентябрда бул сөз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу жарыяланган макалаларда пайда болду. Кийинчерээк аны журналисттер, блогерлер, аткаминерлер жана депутаттар колдоно башташты.

«Прайм-эрадан» тышкары, «Грамота.ру» кыска тизмесине «дофаминовый», «нишевый», «воздухан», «тревожник», «вайбкодинг», «генерить», «ИИ-агент», «иишка» жана «дата-центр» деген сөздөр кирди.

Башында эксперттер 500дөн ашуун сөздү тандап алышкан. Кыска тизмени түзүүдө алардын социалдык тармактарда, блогдордо жана ЖМКларда колдонулуу жыштыгы, ошондой эле издөө сурамдарынын динамикасы эске алынган.

Декабрдын башында жеңүүчүнү 400дөн ашуун лингвист аныктайт. Тандалган сөз «Грамота.ру» порталынын санариптик метасөздүгүнө киргизилет.