Министрлер Кабинети Ош шаарындагы жалпы аянты 3,5 гектар сугат жерлерин айыл чарба багытынан калктуу конуштардын жерлерине трансформациялады. Бул чечим боюнча Министрлер Кабинетинин №751 токтомун Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 11-ноябрындага кол койгон.}},

СторисОш шаарында 3,5 гектар сугат жерлери трансформацияландыСлайддар: 5
  1. Ош шаарында 3,5 гектар сугат жерлери трансформацияланды
  2. Эмне өзгөрдү. Ош шаарында 3,5 гектар сугат жерлери айыл чарба багытынан калктуу конуштардын жерлерине которулду.
  3. 3,5 гектар — трансформацияланган жерлердин жалпы аянты
  4. Жерде эмне курулат: Көп кабаттуу турак жай комплекси; Социалдык максаттагы объекттер
  5. Өзгөчө шарттар. Сугат жерлерин которууга айыл чарба жерлерин трансформациялоого тыюу салынган мораторийге карабастан уруксат берилди.

Трансформацияланган жер участоктору мамлекеттик менчик болуп саналат жана эки башка контурду түзөт.

Жер участокторунун аянты

0,86гектар (№3613 контуру)
2,64гектар (№100 контуру)
3,5жалпы аянты

Бул аймактарда көп кабаттуу турак жай комплекси менен бирге социалдык максаттагы объекттерди куруу пландалууда. Бул чечим Ош шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 9-июлундагы №803 токтомунун жана шаардык жер комиссиясынын корутундусунун негизинде кабыл алынды. Сугат жерлерин которуу айыл чарба жерлерин трансформациялоого тыюу салынган мораторий мыйзамына карабастан, өзгөчө учур катары уруксат берилди.

Ошондой эле, мэрия жер эсептөө документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүсү, жамгыр жана эриген суулардын агымын башкаруу системасын камсыз кылуусу жана тарыхый-маданий мурастар табылган учурда аларды сактап калуу үчүн археологдорду тартуусу шарт экени белгиленген.