Балыкчыдан Барскоонго чейинки жолдун узундугу 141 километрди түзөт. Бул долбоорду ишке ашырууда алгачкы этапта эки ири кыргыздык компания мамлекетке чет элдик подрядчыларга караганда арзанраак куруп берүүнү убада кылып, иш башташкан. Мамлекет аларды колдоп, бул 140 километрлик аралыкты эки компанияга тең 70 километрден бөлүп берген. Бирок курулуш даяр долбоордук-сметалык документтерсиз, параллелдүү долбоорлоо менен башталган. Ошондой эле компаниялар бааны өтө төмөн көрсөтүшкөн.}}{"type":"paragraph"},{

Министрдин түшүндүрмөсүнө ылайык, Россия менен Украинанын ортосундагы чыр-чатактын кесепетинен май куюштуруучу майлар, металл жана башка курулуш материалдарынын баасы көтөрүлгөн. Бул жагдай иштердин кечигишине жана бөлүнүп берилген каражаттын жетишсиздигине алып келген.}}{"type":"paragraph"},{

Жолдун абалы

141километр
135бүткөрүлгөн жол
6асфальтталганга калган жол

2024-2025-жылдары комиссиялык текшерүү жүргүзүлүп, калган иштердин сметалык баасы кайра каралган. Алгачкы компаниялар иштин көлөмүнө жетишпегендиктен, кошумча подрядчылар тартылган. Азыркы учурда калган 6 километрлик аралыкты Транспорт министрлиги өз күчү менен бүтүрүүдө.}}{"type":"paragraph"},{

Асфальтты толук төгө алам деп ойлойм. Бул участок эң көйгөйлүү болгон бөлүк эле.
Талантбек Солтобаев, Транспорт жана коммуникациялар министри