Кыргызстандын Министрлер Кабинети Наркотиктик каражаттардын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө Россия тарабынан каржылык жана уюштуруучулук жардам алуу боюнча макулдашууну бекитти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомдо айтылган.
Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү тарабынан Душанбе шаарында 2026-жылдын 1-октябрында кол коюлган бул документ эки өлкөнүн кызматташтыгын 2028-жылга чейин улантууну көздөйт.
Макулдашуу боюнча Россия тарабы Кыргызстандын Ички иштер министрлигине каржылык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтөт. Бул кызматташтык Наркотиктерге каршы күрөшүү боюнча программаны ишке ашырууну камтыйт.
Учурда каржылоонун так көлөмү, каражаттардын кандай багытта жумшалышы жана уюштуруучулук колдоонун формалары жарыяланган токтомдо көрсөтүлгөн эмес. Бул маалыматтар макулдашуунун өзүндө каралган.
- 2026-жылдын 1-октябры
Душанбеде Ички иштер министрлеринин кеңешмесинин алкагында макулдашууга кол коюлду
- 2028-жылга чейин
Наркотиктерге каршы күрөшүү боюнча кызматташтык мөөнөтү белгиленди
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине макулдашуу күчүнө киши үчүн мамлекет ичиндеги бардык процедуралардын аяктаганы тууралуу Россия тарабына билдирүү тапшырылды.












