Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2026-жылдын 14-октябрынан баштап Кыргызстандын жарандары «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөк пулуна арыздарын «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу бере алышат. Жаңы сервис мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылып, үй-бүлөлөргө бала төрөлгөндө колдоо көрсөтүү процессин жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
Жөлөк пулга арыздар (2-ноябрга карата)
Министрликтин маалыматы боюнча, арыз берүүчүлөрдүн үчтөн биринен көбү мамлекеттик мекемелерге келбестен, аралыктан форматты колдонушкан. Бул санариптик тейлөө калк арасында тез эле талапка ээ болуп жатканын айгинелейт.
Ымыркайлардын саны боюнча бөлүштүрүү
- Эркек балдар — 4 548 (51%)
- Кыздар — 4 362 (49%)
- Эгиздер — 202 арыз
- Үч же андан көп бала — 12 арыз
«Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөк пулунун өлчөмү ар бир жаңы төрөлгөн балага 4 000 сомду түзөт. Эгиз, үч же андан көп бала төрөлгөндө ар бир ымыркайга 50 000 сомдон жогорулатылган төлөм каралган.

















