2026-жылдын 1-июлуна карата өлкө боюнча «Балага сүйүнчү» төлөмүн 67 468 жаңы төрөлгөн баланын үй-бүлөсү алган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилинде 65 967 үй-бүлөгө төлөм жасалганы менен салыштырганда өскөндүгүн көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин билдирүүсүндө, аталган төлөм республика бюджетинен чыгарылган каражаттардан каржыланат.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында төлөмдөрдү каржылоо үчүн 271 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
«Балага сүйүнчү» – баланын туулгандыгы үчүн бир жолку мамлекеттик жардам болуп саналат жана ал жарандарга мыйзам ченемдүү түрдө республикалык бюджеттин эсебинен берилет.










