Чүй облусунун Москов районунда 2026-жылдын июл айында мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөкпулу 2 миң 596 балага берилди. Райондун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Газбеков бул тууралуу билдирди.

1-август 2026-жылга карата бул жөлөкпулду алуу үчүн 2 миң 596 баланын иштери чечилип, алардын ичинен 2 миң 56 арыз электрондук «Түндүк» тиркемеси аркылуу тапшырылган. Ал эми 540 жаран кеӊИТилди башкармалыктын мекемесинде каттоодон өттү.

«Бала ырысы» жөлөкпулун алган балдар

2596жалпы бала
1363эркек бала
1233кыз бала

«Бала ырысы» программасынын алкагында айыл аймактарынын адистери жана башкармалык кызматкерлери социалдык тармактарда маалыматтарды жайылтып, жакыр жана муктаж үй-бүлөлөрдү аныктоо жана колдоо үчүн жайларга да чыгышкан.