Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында төрөттүк пособияны 11 931 аял алышкан. Бул максат үчүн республикалык бюджеттен 270,3 млн сом бөлүнгөн.

Бул көрсөткүчтөр 2025-жылдын алдыңкы алты айындагыга салыштырмалуу төмөндөшү байкалып турат, ал кезде 13 843 аял пособия алышкан жана 298,9 млн сом сарпталган.

Төрөттүк пособиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө республикалык бюджеттин эсебинен бардык укуктуу аялдарга төлөнөт.

Мындан тышкары, "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү 2026-жылдын 1-июлуна карата 67 468 баланын туууына байланыштуу берилген. Бул максатка 271,034 млн сом бөлүнгөн.

Ал эми 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул бир жолку төлөмдү 65 967 бала алган.

Министрлик "Балага сүйүнчү" төлөмү баланын туулган учурунда мамлекеттик колдоо катары берилерин жана ал республикалык бюджеттин эсебинен мыйзамдарда каралган тартипте төлөнөрүн эске салат.

Төлөмдөрдүн статистикасы 1-июлга карата

11 931төрөттүк пособияны алган аялдар
270,3 млнтөрөттүк пособияга бөлүнгөн сом
13 8432025-жылы төрөттүк пособияны алган аялдар