Кыргызстандын Орусия менен болгон тыгыз байланыштары жана санкция астындагы орус экономикасына тиешелүү экономикалык кызыкчылыктары эл аралык инвесторлор тарабынан көп учурда кошумча тобокелдик булагы катары каралат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев Bloomberg агенттигине берген маегинде айткан.

Кыргызстан Москва жетектеген Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. Ошого карабастан, Бакетаев Орусия менен Кыргызстан өнөктөш бойдон кала берерин баса белгиледи.

Бизди жөн эле ажыратып салуу мүмкүн эмес
Алмаз Бакетаев, Улуттук банктын төрагасы

Улуттук банк башчысынын айтымында, эки өлкө маданий жана экономикалык жактан тыгыз байланышта. Орусияда көп сандаган кыргыз мигранттары эмгектенет, ал эми Кыргызстан орус отун, дан жана башка товарларды жеткирүүгө бир кыйла деңгээлде көз каранды.

Ошол эле учурда, Бакетаевдин пикиринде, Орусияга каршы санкциялар Кыргызстанга кошумча экономикалык дем берди.

Орусияга каршы санкциялар Кыргызстанга кошумча агым жана импульс берди, чек ара аркылуу товар жүгүртүү күчөдү
Алмаз Бакетаев, Улуттук банктын төрагасы

Улуттук банктын жетекчиси кыргыз бийлиги эл аралык эрежелерди сактаарын, анын ичинде кош максаттагы товарлардын соодасын көзөмөлдөөрүн белгиледи. Ошону менен бирге, анын айтымында, Орусия Кыргызстандын экономикалык ийгилигинин башкы кыймылдаткычы эмес.

Биздин өсүш убактылуу эмес, фундаменталдуу негизге ээ
Алмаз Бакетаев, Улуттук банктын төрагасы