Кыргызстан менен Евразия Экономикалык Биримдигинин мүчө өлкөлөрү ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2026-жылдын январь-май айларында 2,4 миллиард АКШ долларын түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 6%га өсүү болуп эсептелет.
Экспорттук көрсөткүчтөр ушул мезгилде 3,2%га төмөндөсө, импорт 8,3%га өскөнү белгиленди. Кыргызстандын ЕАЭС менен соодасында Россия 67,8% үлүшү менен башкы орунда турат, андан кийин Казакстан 29,8% менен экинчи орунда.
Кыргызстандын ЕАЭС менен соода бөлүмү (январь–май 2026)











