Инфляция Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан үчүн негизги маселелердин бири бойдон калууда. Бул тууралуу МВФтин "Аймактык экономикалык өнүгүү перспективалары: Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия" аттуу баяндамасында айтылат.

МВФтин маалыматына ылайык, аймактагы бир катар өлкөлөрдө азык-түлүктүн кымбатташы жана ички суроо-талаптын жогорулашы баалардын өсүшүн тездеткен. Мунун натыйжасында Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Өзбекстандын борбордук банктары акча-кредит саясатын катаалдатууга аргасыз болушкан.

Кыргызстанда Улуттук банктын инфляцияны ооздуктоо боюнча көрүлүп жаткан чараларына карабастан, реалдуу пайыздык чен терс бойдон калууда, деп белгилейт фонд.

МВФ Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүндө орточо инфляция деңгээли 2025-жылы 8,5%дан 2026-жылы 8,1%га чейин төмөндөшүн болжолдоодо. Бирок төмөндөө темпи өлкөлөрдүн экономикалык саясатына жана импорттун өзгөчөлүктөрүнө жараша ар кандай болот.

Фонд Кыргызстанга карата 2026-жылы мамлекеттик чыгымдардын өсүшү экономикалык активдүүлүктү колдоого аларын, бирок ошол эле учурда бюджетке жана баалардын деңгээлине кошумча басым жаратышы мүмкүн экенин белгилейт.