Байтик метеостанциясынын аймагында мыйзамсыз курулган имарат бузулду. Бул имарат мурда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин кармалышына себеп болгон. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, имаратты ӨКМ кызматкерлери Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасында курушкан. Ал жерде өзгөчө коргоо режими иштейт жана курулуш иштерине тыюу салынган.
Прокуратура билдиргендей, бул факт боюнча мурдагы министр Бообек Ажикеев кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Мамлекетке келтирилген 7 миллион 650 миң сом зыян толугу менен төлөнүп берилди.
Аламудун райондук сотунун чечими менен мыйзамсыз курулуш бузулду. Иштерге Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинин жана ӨКМдин өкүлдөрү катышты.
Ажикеевдин иши боюнча эмне белгилүү?
Эскерте кетсек, 18-сентябрда Аскер прокуратурасы мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармаган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, Байтик метеостанциясынын аймагындагы кызматтык-тиричилик имараты долбоордук-сметалык жана уруксат берүү документтерисиз курулган. Объект Ала-Арча дарыясынан болгону беш метр алыстыкта жайгашкан.
Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү боюнча козголгон — "Жооптуу кызмат ордун ээлеген адам тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу".
19-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ажикеевди 2026-жылдын 18-ноябрына чейин камакка алуу чечимин чыгарган.





















