Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев 27-октябрда Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясынын, Кыргызстан банктар союзунун өкүлдөрү жана микрофинансы уюмдарынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө микрофинансы секторунун абалы, анын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, учурдагы чакырыктар жана жөнгө салуучу менен мындан аркы кызматташуунун келечеги талкууланды.
Микрофинансы секторунун өкүлдөрү каржы кызматтарынын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле тармактын туруктуу өнүгүшүнө шарт түзүү боюнча чараларды сунушташты.
Аймактардагы ролу баса белгиленди
Жолугушууда микрофинансы уюмдарынын калк жана ишкерлер үчүн, анын ичинде өлкөнүн аймактарында каржы кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуудагы ролу белгиленди. Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо зарылдыгы баса белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Улуттук банктын башчысы рынок катышуучулары менен ачык диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүү пландалып жатканын билдирди. Алар сектордун көйгөйлөрүн жана аны мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды талкуулоо аянтчасы болуп калат.
















